Жылан сүйүүчүсү Жастин Кобылка терисинде быйтыкчалар бар ак питонду мутациянын жардамы менен чыгарууга 8 жыл короткон. Бул тууралуу Business Insider басылмасы жазып чыккан.
Жыландын учурдагы баасы 4,5 миң долларды түзсө да, ээси аны сатууну каалабаганы белгиленет маалыматта. Жастин Кобылка буга чейин да өзгөчө оюулары бар жыландарды чыгарып сатып жүргөн.
Айрым интернет колдонуучулар бул питондун терисиндеги быйтыкчалар ашкабактарга окшошорун жазып, "Хэллоуин" майрамына ылайыктуу атрибут катары көрүшкөн.
Жыландардын мындай мутациясын жаратылышта жолуктуруу сейрек көрүнүш. Мындан улам Жастин Кобылкага өзгөчө питонду чыгаруу үчүн көп убакыт, эргүү жана күч керектелген.