Бүгүн, 8-Март - аялдардын эл аралык майрамы. Бул күнү жалпы аялзаты кубанычка, бакытка бөлөнүшөт. Жаз менен кошо келген майрамды кимдир бирөө өз үй-бүлөсү менен тоссо, дагы бирөө жакын курбулары менен белгилешет. Бул күндү темир тор артында, абакта өткөргөндөр да бар. Алардын катарында Айжаркын Мырзабаева.
"Мен бул майрамды 9-жолу абакта тосуп жатам. Тагдырыма ушундай күн жазылып, буюрганын көрүп жатам. Ата-энем, бир туугандарым жана сүйүктүү жолдошум менен бирге болсом деп кыялданып келем. Алдыда дагы 3 жылдык жаза мөөнөтүм калды. Убакыттын билинбей өтүшү үчүн ар кандай иш менен алек болобуз. Майрамдарда 2 ай бою концерт койгонго даярданабыз. Акыркы жылдары эркиндикти эңсеп, үй-бүлөмдү сагынып кеттим", - деди Айжаркын Мырзабаева.
Бул күнү ар бир аялзатынын жүзүнөн майрамдык маанай көрө алдык. Канткен менен ар биринин көзүнөн эркиндикти эңсөө, азаттыкка чыгуу кыялдарын көрүүгө болот.
"Мен абакка 5 жылга камалгам. Алдыда келечегим туман болуп көрүнөт. Ошентсе да эркиндикке чыксам, чет жактарга барып иштеп келсем деген ниетим бар. Болбосо мени "камалып чыккан кыз" деп тааныштарым кандай кабыл алат деп сарсанаа болом. Буюрса, 4 айдан кийин жаза мөөнөтүм бүтөт. Башка кыздарга окшоп мен дагы майрамдарды, жакшы күндөрдү жакындарым менен бирге өткөргүм келет", - деп билдирди Жээнгүл Насырбек кызы (аты-жөнү өзгөртүлдү).