Президент жалпы аялзатын Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев Эл аралык аялдар күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"Март майрамы узак кыштын түнт күндөрүнөн кийин жарк этип тийген күндөй, карды тээп чыккан гүлдөй көӊүлүбүздү ачат, жашоого дем берет. Жарыкчылыкта эненикине теңдеш мээрим болбойт, ошондуктан оболу бардык энелерге башымды ийип таазим этем. Элибизде эзелтен кыз баласын дайыма төргө чыгарып, өзгөчө урмат-сыйга бөлөп келген. “Кыздын кырк чачы улуу” деген нуска сөз ар бирибиздин аң-сезимибизге терең ширелген. Кыргыз элинин байыркы тарыхында айкөл Манасты берген Чыйырдыдан тарта Каныкей менен Айчүрөк, Жаңыл Мырза менен Кыз Сайкал, Курманжан датка сыяктуу даанышман, каарман жана мээнеткеч аялзатынын образы калыптанган. Жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүндө, жашоо-турмуштун бир нукка түшүп, өнүгүүгө карай бурулушунда сиздердин эмгекке баа жетпейт, асылкеч аялдар! Эне сүтүн актаган, анын кадырына жеткен, аялзаты урмат-сыйга бөлөнгөн коом гана өсүп-өнөт", - деп жазылат куттуктоодо.

Мамлекет башчы аялдарга жаркын маанай, жакшылыктарды каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан