2-майда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев менен “Кумтөр” кениндеги металл аралашпаган бош кыртыштын жылышына байланыштуу жагдайды талкуулады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Өкмөт тарабынан түздөн-түз Кумтөр кенине атайын комиссия түзүлүп, аны жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды. Атайын комиссия тез арада кен иштетүүчү жердеги жагдайды изилдеп, металл аралашпаган тоотек катмарынын жылышынын экологиялык жана өнөр жай коопсуздугуна тийгизген таасиринин деңгээлин аныктап, бул маселени чечүү боюнча тиешелүү сунуштарды киргизмекчи. Ошондой эле комиссия "Centerra Gold" компаниясынын менеджментинин аракеттерине дагы баа берүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.