12 куту димедрол дарысын саткан сатуучуга 2 миң сом айып салынды

12 куту димедрол дарысын саткан сатуучуга айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта SUPER.KG порталына Дары менен камсыздоо департаментинин адиси Нурдин Кагаздиев билдирди.

"Дарыкананын сатуучусу боюнча ишти Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карап, соттук отурум өткөрүлдү. Жыйынтыгында сатуучу кызга 2 миң сом өлчөмүндө айып салынды", - деп билдирди Кагаздиев.

Буга чейин дарыкананын кызматкеринин иши каралып, Дары менен камсыздоо департаменти тарабынан сотко өткөрүлүп берилген.

Эске салсак, буга чейин 13-февралда Бишкек шаарынын тургуну, 21 жаштагы кыз 12 куту димедрол дарысын сатып алып, анын 30 даанасын ичип ооруканага түшкөн. Жыйынтыгында жабырлануучу кыздын апасы сатуучунун эрежеге ылайыксыз аракетин териштирүү максатында департаментке арыз менен кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Aruwka.89
2017-03-09 12:08:17
Бирону ойыптабай озунун кызын козомолдобойбу
+5
gulmira12345
2017-03-09 12:10:49
аптекар 1 пачка сатпайт сурансан дагы алдырарга жаздыраар
0
ulchana
2017-03-09 13:42:19
Жакшы оной кутулуптур.Бул сабак болду экооно тен.
+1
Izdeim_seni.
2017-03-09 15:40:30
Туура, он эки кутуда 120таблетка бар. Мыенча дарыны Эмне кыласын деп суравайбы биринчи
+1
Miroslav
2017-03-09 19:52:53
Izdeim_seni.,итке берем десе сата беретда,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан