Мэр Иса Өмүркулов гүлдөрдү өстүрүүчү эки оранжереяда болду

2-майда Бишкек шаар башчысы Иса Өмүркулов муниципалдык “Жашылдандыруу курулуш” ишканасынын гүлдөрдү өстүрүүчү эки оранжереясында болуп, баш калааны жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, гүлдөрдү өстүрүү эки оранжереяда жүргүзүлөт. 1-оранжерея Ташкент көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 3,02 гектар, ал эми 2-оранжерея Щербаков көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 15,2 гектар. 2013-жылы аталган оранжереяларда ишкана тарабынан 1 200 000 даана бир жылдык гүлдөрдүн көчөттөрү өстүрүлдү. Гүлдөрдүн уруктары Чехия өлкөсүнөн 1 миллион 592 миң 447 сомго сатылып алынган. Алардын арасында петуния гүлүнүн 35 түрү, тагетестин 6 түрү, пелоргониянын 3 түрү, вербена, георгиндин 6 түрү, цинниянын 3 түрү бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан