Ырчы Тиматинин Рамзан Кадыровдун учагында тартылышы мүмкүн делген сүрөттү жүктөп, кайра өчүрүп салганы талкууга алынды

Орусиялык белгилүү ырчы Тимати Инстаграмдагы баракчасына сүрөт жүктөп, аны кайра өчүргөнү интернетте кызуу талкууга алынууда. Маалыматтарга караганда, сүрөт Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун жеке учагында тартылган болушу мүмкүн.

Ырчы "8-мартка жакын калып, сени үйдөн кууп чыкканда агаӊдын үйүндө дайыма сен үчүн бош бөлмө табылат" деп жазып, 7-мартта сүрөт жүктөгөн. Ал сөздөр менен катар Кадыровдун фамилиясы коштолгон. Кийинчерээк Тимати сүрөттү өчүрүп салган, бирок социалдык тармактарда сакталып калган.

"Тимати Кадыровдун учагында тартылган сүрөттү өчүрүп салды. Бирок интернет баарын эсте сактайт", "Дүнүйөӊдү көрсөтпөөгө аракет кылсаӊ, Тимати жеке учагыӊдын интерьерин көрсөтүп коёт", "Башчы сүрөттү өчүрүүгө мажбур кылды" деген билдирүүлөрдү калтырган колдонуучулар Кадыровдун мүлкү элдин салыгынын негизинде пайда болгонун кыйытышкан.

Белгилей кетсек, Рамзан Кадыров менен Тимати ынак достор деп айтылып келет. Кадыров 2014-жылы Тиматиге "Чечен Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти" деген наам ыйгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
asil-08
2017-03-09 16:24:05
Самалеттун ичи теке теке го
+6
Ronaldo.99
2017-03-09 16:50:23
Охоо буларга жашоо "Малинада"
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан