Биз социалдык тармакта

Быйыл Москвадагы Жеңиш парады аскердик техникасыз өтөт

Быйыл 9-майда Орусиянын Москва шаарында өтө турган Жеңиш парады өзгөртүлгөн форматта өтөт. Тактап айтканда, парадда аскердик техникалардын колоннасы болбойт. Бул тууралуу орус басылмалары билдиришти.

Өлкөнүн Коргоо министрлигинин айтымында, мындай чечим учурдагы коопсуздук жана оперативдик кырдаалга байланыштуу кабыл алынганын билдирген. Ошондой эле аскердик окуу жайларынын тарбиялануучулары, кадеттик корпустардын өкүлдөрү да бул жолу парадга катышпай турганы айтылды.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков техниканын катышпашын тышкы террордук коркунуч менен түшүндүрүп, коопсуздукту камсыздоо үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, Жеңиш парады Орусияда 1995-жылдан бери жыл сайын өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан