ЖЫЛНААМА, 9-МАРТ: 58 жыл мурун Барби куурчактары сатыкка чыга баштаган

Мындан 58 жыл мурун, 1959-жылы 9-мартта Нью-Йоркто өткөн оюнчуктар жарманкесинде "Барби" куурчагы көрсөтүлгөн. Барбинин жаратуучусу "Mattel" оюнчук чыгаруучу фирмасынын башчысынын аялы Рут Хэндлер болгон. Кызы Барбара курбулары менен кагазга кыздын сүрөтүн тартып, аны кесип, кагаздан жасалган кийимдерди кийгизип ойноп жатканын көргөн. Ошондон улам Рутта куурчак чыгаруу идеясы пайда болгон.
Алгач Барбиге чейин немис гезитиндеги комикстердеги башкы каарман - Билд Лиллинин образынан алынган Лилли аттуу куурчак 1955-жылы чыккан. Андан соң Рут инженер Жек Райан менен биргеликте Лиллини өзгөртүп, кызынын атынан "Барби" деп чыгара башташкан. Барби куурчактарын Рут Хэндлер 3-12 жаштагы кыздарга арнап чыгарган.
Алгачкы куурчактын чачы сары, көздөрү кара жана ала-була сууга түшүүчү кийимчен болгон. Ал үчүн башка кийимдер өзүнчө сатылган. Жыл өткөн сайын куурчактарга болгон суроо-талап өсүп, анын популярдуулугу арта баштаган. Биринчи куурчактын баасы 3 доллар болсо, 2004-жылы аукциондо Барбинин ошондой эле түрү 3 миң 552 долларга сатылган. Ал эми 2006-жылы Лондондогу аукциондо ал 17 миң долларга бааланган.
9-мартка карата жылнаама
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан