Апрель айынан тарта Бишкек-Кара-Балта жолунун 15-60-чакырымдарын оңдоо иштери жүрөт

Жакынкы күндөрү Бишкек-Ош жолунун Бишкек-Кара-Балта тилкесинин 15-60-чакырымдары оңдолот. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

"Оңдоо иштери апрель-май айларына пландаштырылды. Бишкек-Ош жолу өлкөнүн түндүк жана түштүк аймактарын бириктирип турган жалгыз унаа жол, ошондой эле жүк жана жүргүнчүлөрдү ташыган жалгыз жол. Акыркы жылдары жол кыймылынын жогорулашы байкалууда, аны менен бирге жүк ташуучу унаалар көбөйдү. Өз кезегинде бул жол кыймылынын коопсуздугуна терс таасирин тийгизип, жаз, жай айларында асфальт кыртышынын бузулушуна себеп болууда", - деп жазылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, жалпысынан суткасына 35-38 миң унаа өтүшү керек. Бул тилкеге асфальт 1978-жылы төшөлгөн, андан бери 39 жыл өткөн. Мындан сырткары жагымсыз аба ырайы да жолдун баштапкы көрүнүшүн бузуп жатканы белгиленет маалыматта. Мындай жол менен жүрүү унаанын бузулушуна, айрым учурларда кырсыктарга алып келет.
"Дал ушул тилкенин 9-15-чакырымында жолдун 70-80 пайызы канааттандырарлык абалда эмес. Мындан улам ушул тилкеде оңдоо иштери жүрөт", - деп кошумчалаган министрлик.
Жолду оңдоонун 2 варианты бар:
  • Учурдагы асфальтты фрезердөө жана эки кат асфальт төшөө.
  • Бузулган жерлерин аныктап, фрезердөө иштерин жүргүзүп, 1 кат асфальт төшөп, бетин иштетип чыгуу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Adidas_91
2017-03-09 18:42:58
Эң баарынанда жолду кеңейтип жер өтмөк кылгылачы.
+2
Arlenchik
2017-03-09 21:06:29
Сол чонтоко уруп ийбей напсини тыйгыла жегичтер, канча жылдан бери эми жазалып атса сапаттуу кылып ондогула.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан