Өкмөт башчы Кара-Буура районундагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-мартта Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Буура районунун Сатыкей айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, билим берүү тармагына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар жылдан жылга көбөйүүдө. Азыр республикалык бюджеттин 19,2 пайызы билим берүүгө жумшалат. Эгерде 2010-жылы билим берүүгө 12 миллиард сом бөлүнсө, 2016-жылы бул сумма 28,2 миллиард сомго чейин көбөйтүлгөн.

"Бул каражаттар баарынан мурда республиканын региондорунда жаңы мектептерди курууга, окуу китептери менен камсыздоого, педагогикалык кадрларды толуктоого, компьютерлер жана эмеректер менен жабдууга багытталган. Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев айткандай, 2017-жылы Кыргыз өлкөсүндө бир дагы авариялык абалдагы мектеп болбойт. Билим берүү тармагына салынган каражаттар келечекте өз жемишин берет деп ишенем", - деди Жээнбеков.

Премьер-министр аталган мектептен келечекте өлкө экономикасын көтөрө турган билимдүү бүтүрүүчүлөр чыгарына үмүт артты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан