ЖЫЛНААМА, 10-МАРТ: Жогорку Кеңештин депутаты, кинорежиссёр Садык Шер-Нияз 48 жашка толду

VI чакырылыштагы "Ата Мекен" фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, жазуучу, продюсер, кинорежиссёр, сценарист Садык Шер-Нияз 48 жашка толду. Ал 1969-жылы 10-мартта Талас облусундагы Чоң-Капка айылында жарык дүйнөгө келген. 1983-1987-жылдары Фрунзедеги Машина куруу техникумунда техник-технолог адистиги боюнча, 1994-2000-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетиндеги укук факультетинде юрист-укук таануучу адистигин, ал эми 2007-2009-жылдары Москвадагы Сценаристтердин жана режиссёрлордун жогорку курсунда (Владимир Хотиненко, Павел Финн, Владимир Фенченконун өнөрканасында) окуган.

Садык Шер-Нияз 1996-1998-жылдары "Ачекей" ишканасынын директору, 1994-1996-жылдары "Шер" ишканасында юрист-консультант болуп иштеген. Кийин 1998-2004-жылдары КРнын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу палатасынын депутатынын жардамчысы, 2004-2007-жылдары КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын орун басары болуп дайындалган (кызматтан өз каалоосу менен кеткен).
2005-жылы КРнын Коомдук-саясий абалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиясынын мүчөсү, 2006-жылы Конституциялык кеңештин мүчөсү болуп эмгектенген. Ал эми 2010-жылы КРнын Маданият жана маалымат министри, ошол эле жылы КРнын Убактылуу Өкмөтүнө караштуу Консультативдик кеңешинин мүчөсү, 2010-жылы КРнын Президентинин астындагы Консультативдик кеңештин мүчөсү болгон. 2012-2013-жылдары "Замандаш-Современник" саясий партиясынын тең төрагасы болгон.
2015-жылдын 4-октябрында "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
Садык Шер-Нияз 2001-жылы "Айтыш" коомдук фондун, 2004-жылы "Калемгер" адабий клубун, 2006-жылы "Айтыш Фильм" киностудиясын, 2011-жылы "Кыргызстан кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" аттуу фестивалын, 2015-жылы эл аралык Азия өлкөлөрүнүн "Asian Word Film Festival" кинофестивалын негиздеген.
"Кыргызстан маданияты" гезитинин редколлегиясында, Улуттук жазуучулар союзуна, Кыргыз Республикасынын маданий ишмерлердин ассамблеясына мүчө. Садык Шер-Нияз режиссёр, сценарист, кыргыз фильмдеринин жана Кыргыз мамлекети-Орусия биргелешип тарткан фильмдеринин продюсери. Ошондой эле "Актаңдайлар" китебинин авторлорунун бири.
Тарткан тасмалары: "Курманжан датка" (тарыхий көркөм тасма, 2014), "Аян" (көркөм фильм, 2009), "Форс Мажор" (көркөм тасма, 2009), "Чыңгыз өлбөс болсочу" (даректүү фильм, 2008), "Биринчи кадр" (көркөм тасма, 2007).

10-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан