Бишкекте тротуарларды оӊдоо иштерине шаардык бюджеттен 50 миллион сом каралган

Бишкектин айрым көчөлөрүндө тротуарлар оңдолууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасы Панфилов, Алма-Ата кɵчɵсʏнʏн Исакеев кɵчɵсʏнɵн Кийизбаев кɵчɵсʏнɵ чейин, Шопоков жана Коёнкөзов кɵчɵлɵрʏндɵгʏ тротуарларды оӊдоодо.
"Манас, Жибек жолу кең көчөлөрү жана Бɵкɵнбаев, Абдрахманов кɵчɵлɵрʏнʏн чектешкен тротуарлары оӊдолду. Мындан сырткары Москва, Киев, Фрунзе кɵчɵлɵрʏ, Чʏй кең көчөлөрү ошондой эле Бɵкɵнбаев, Абдрахманов, Панфилов кɵчɵлɵрʏ оңдолот. Буга кошумча Эркиндик, Тоголок Молдо, Орозбеков кɵчɵлɵрʏнʏн жээктериндеги тротуарлар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Оӊдоо иштерине шаардык бюджеттен 50 миллион сом каралган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
s.sweet
2017-03-10 10:02:26
чу дегенделе миллиондон суйлошотго
0
uson.abdullov
2017-03-10 12:49:45
Баракелде иштесин Атамбаев текебаев жаман дейбербей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан