Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын куюлган бетонунун кулашы боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыкпай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта SUPER.KG порталына Архитектура-курулуш көзөмөл ишканасынын бөлүм башчысы Жоодарбек Атакеев билдирди.
"Курулуштун жүрүшүндө эмнеден улам бетондун кулаганын аныктоо боюнча экспертизага берилген. Учурда комиссия өз ишин аткарып жатат. Экспертизанын аныктамасы чыкса ошого карап комиссия жыйынтык чыгарат. Жыйынтык кийинки аптада жарыяланып калышы ыктымал", - деп билдирди Атакеев.
Маалыматка ылайык, буга чейин 16-февралда көп кабаттуу курулуштун куюлган бетону урап, 5 адам кулап кеткен. Мындан улам 17-февралда Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алдында атайын комиссия түзүлүп, иштеп баштаган.