Укук коргоочу Абдирасулова Максат Кунакуновдун карцеринде келемиштер жана таракандар жүргөнүн айтты

"Террордук уюмга жардам берген" деп айыпталып 10 жылга кесилген Максат Кунакунов 1-марттан 6-мартка чейин Борбордук СИЗО-1дин карцеринде кармалды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова жазып чыкты.

Анын айтымында, 7-мартта Кунакунов менен атайын мааламаттын негизинде жолугушууга Кыйноолордун алдын алуу борборунун кызматкери жана "Кылым шамы" борборунун кызматкерлери менен биргеликте барды. "Карцер жер төлөөдө жайгашкан, анын ичиндеги температура 10 градустан төмөн болуп, Кунакунов ал жерде жеңил кийимдери менен 5 күн бою отурган. Жылуу кийимдерин сураса да беришкен эмес. 6-март күнү карцерден чыккандан кийин ал ачкачылык акциясын расмий токтоткон, бирок ал медиктердин жардамына муктаж. Кунакуновдун ырасташынча, карцердин ичинде келемиштер, канталалар жана таракандар бар экен", - дейт укук коргоочу.

Эскерте кетсек, 2015-жылдын 16-июлунда Бишкекте "теракт уюштурууну көздөгөн" деп бир нече адам жок кылынып, айрымдары колго түшкөнү маалымдалган. Кунакунов "Манас" аэропортунан 20-июль күнү таңга маал кармалып, камакка алынган. Ал УКМК тарабынан "террордук уюмга жардам берген" деп айыпталып жаткан. Кунакунов өзүнө ачылган кылмыш ишин "жасалма" деп мүнөздөп, бул аракет саясий куугунтук экенин айтып келген. 2017-жылдын 27-январында Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 10 жылга эркинен ажыраткан.

Максат Кунакунов убагында "Ак жол" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.
М. Кунакуновду ГКНБ СИЗОдо суук карцерде кармашкан
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан