"Жолдошум 2800 сом айлык алгандыгы үчүн 7 балама жөлөк пул чыкпай калды" дейт Нарындын жашоочусу

Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын жашоочусу, 7 баланын энеси Асел Ибраимова 2 жылдан бери балдарына жөлөк пул албайт. 35 жаштагы А.Ибраимова учурда 8-баласын күтүп жатат.

Айтымында, мындан эки жыл мурун 5 баласына ай сайын 5 миң сомдон жөлөк пул алып турган.

"Мындан 2 жыл мурун жолдошум почточунун жардамчысы болуп жумушка орношкон, башында 5 миң сом айлык алчу, кийин айлык кыскартылды деп 2800 сом маяна алып жүрдү. Азыр иштебейт, жумушта кыскартуу болуп жумуштан кеткен. Жолдошум жумушка орношкондо "күйөөң айлык алат экен" деген жүйөө менен балдарыма чыкчу жөлөк пулду чыгарбай коюшту. Мындан тышкары кайнене, кайнатамдын пенсия алгандыгы менен да жөлөк пул чыкпай тургандыгын айтып жатышат", - деди Асел Ибраимова SUPER.KG'ге.

Ал белгилегендей, жолдошу бир туугандардын эң кичүүсү болгондуктан, кайнене, кайнатасынын үйүндө чогуу турушат.

"Кайнене-кайнатам картайып калды. Атам инфаркттан, энем болсо муун оорусунан жабыркап келет. Экөө биригип 14 миң сом пенсия алат, негизинен борбор калаада болушат. Ал жакта да балдары бар, дарыланышат, курортторго барышат. Айтор, алардын акчасы өздөрүнө керек. Жолдошум экөөбүз 18 жылдан бери чогуу жашайбыз, улуу кызым 16 жашта, эң кичүүбүз 1 жаш 6 айлык болду. "Баатыр эне" наамын алууга документ тапшырдым, жакында наам алам деп күтүп жатам", - дейт Асел Ибраимова.

Жолдошу иштеп жүргөн кезинде алган маянасы үй-бүлөнү камсыздоого жетпей тургандыгын айтып, Нарын райондук социалдык коргоо башкармалыгына кайрылып оң жооп ала алган эмес. Учурда алардын үй-бүлөсү айылда чарбачылык жумуштары менен алектенет.

"Ушул жылдын башында Нарын райондук социалдык коргоо башкармалыгына кайрадан документ тапшырдым. Январь, февраль айларында жөлөк пул чыгат дешкен, бирок андан бери жооп жок", - деп кошумчалады А.Ибраимова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
aikokul14
2017-03-10 13:53:26
Сөзсүз БОМЖ болсоң анан береби жөлөк пулду.
+10
Adilet_adi
2017-03-10 13:57:02
Бул тармакта паракорлук ѳтѳ кеңири жайылыптыр, Жакында эле үч жээниме 3000миң берип жѳлѳк пул чыгармай болдук ешо 1 айлык жѳлѳк пулун алар алмай болду
+2
souza.j
2017-03-10 14:04:20
Adilet_adi,каяктан болосун. Ото коп эмеспи
+3
frunze12
2017-03-10 21:43:46
souza.j, Коррупция соц.фонд менен айыл окмоттордо да кенири жайылган. Керек болсо 1-2 айлык пособиени "жемейинче" жолок пул чыгарышпайт. Сузактын соц.фонд кызматкерлерине Кудайым ынсап берсин...
+1
akil.91
2017-03-10 14:03:39
Жолок пул дегени пособия болобу ошондо. Атам да где то 4000 сом алат деп бизге де беришчу эмес. Электрик болгон учун айлыкты да беришпей кыйнашчу. Мындан 10 15 жыл мурун.
+1
ABDulHai
2017-03-10 14:08:18
Аа жакшы
+1
ruslanz
2017-03-10 14:08:32
Сиздейлер толтура.Анан олко байып жатат дешет.КР жарды олколордун ичине кириптир,чондорубуз жок алар калп айтышат дер болушпайт.Жолок пул алыш учун соцкызматкерге пара бериш керек,же айыл окмотто таанышын болуш керек.
+2
barakcha
2017-03-10 14:35:20
Балдарды дагы алынарга жараша,бага алсанар анан торогулочу бай болгурлар!Озунор учун тороп алып кайра окмотко догунарды артпай.Бага алсанар,келечегине шарт тузуп бере алсанар анан сегизинчисин эмес онунчусун торогуло...
-12
kirgizstan
2017-03-10 14:43:37
barakcha,
Акылын жайында элеби.
+4
ruslanz
2017-03-10 15:25:10
kirgizstan,Албетте жайында эмес.
+1
Salman.eldar
2017-03-10 16:03:53
barakcha, туура эле айтасын! азыркы жашоодо бала багыш кыйын, баланы татыктуу бага алам десен анан торо да! 8тороп салып, аларды да озунорду да кяйнабай бага албай.
-5
barakcha
2017-03-10 19:40:42
Salman.eldar,Ошону тушунушсо озулору дагы балдары дагы кыйналбайт эле да?
-1
frunze12
2017-03-10 21:41:45
barakcha, Окмот элден салык топтоп аны максатсыз чыгымдаганды билет. Жогорку Кенеш кааласа кресло, кааласа дарбаза жанылаганды билет миооиондорду сапырып... Элдин байлыгы аотын-кумушторду Окмот сатканды билет да биртке пособия бергенди билишпейби!!!

Окмот пособие бергиси келбесе бербесин, бирок эл байлыгы алтын-кумуш ж.б.да тийбесин!!!
+2
alikjan88
2017-03-11 00:45:37
barakcha,
Канчоону торош керек озу билет, Аны Аллах бергенге берет керек болсо, Кыргыздын санын кобойтот, Азыркылар Аборт кылышат, анын канчалык денгеелде оор куно экенин наркы дуйнодо татып коросуно даамын,
+1
kenjebek_a
2017-03-10 15:05:09
Олкодогу орточо айлык 140доллар деп дооругон финансистер билбейт да карапайым эл менен иши жок.Оздору премия квартальный питание ненормированный деп ала берилет.Ал эми жогорудагы айткан айта берет.15бала болсо да Оз ырыскысы менен берет кудай,кудай бала бербеген куубаштар суйлой берет.Эртен карыганда билет баланын кадырын.Азыр журот да кундо той,аларга жашоонун манызы ошол кунумдук кайф.50жашында эле же бала жок же жанындагы ойношу жок ошондо анан накта бомж болот.
+4
Salman.eldar
2017-03-10 16:07:31
Негизинен бар жоко реалду караш керек. Баланы пландаганда аны бага аламбы, окута аламбы, уй жай кылып береаламбы деген суроону бериш керек. азыр бир чымчык багыш да кыйын, ага дан керек
-3
altynaiB
2017-03-10 16:24:42
Жаканы кармайсын эй тообаа деп. Уйундо машинан баркен мал жандыгын баркен баланча жерде участогунар баркен деп эле жолокпул чыгарбай коюшат экен эй тообаа. Озу окмот милдеттуу да ар бир балага толоп бергенге.
+3
ozgeldi
2017-03-10 19:41:08
Бомужга дагы бербейт мусур терет экенсин деп
+2
tokitok
2017-03-11 00:24:41
Анда жата бергиле иш жок деп мамлекетти карап.уялсанар боло дени карды соо адамдар. Жиним келет мамлекетке доосун арткандарга. баарыбыз эле жолокпул деп отуруп алсак кандай жашоо болот. Аракет кылган адам иш да табат акча да. Простоо жалкоосунар.
-2
Nurik-88
2017-03-11 00:55:17
Башкы казаныбызда(бюджет)эч нерсе жок болуп атпайбы болсо беришет эле да. Торт жылда бир шайлоодо 1000 сомун алып калган торт жыл ичинде ала турган 50000 60000 сомунарды жедирип отура бергиле. Кыргыз элим озубузго аз болсун ушул жашоо.
+1
saltanat.
2017-03-11 11:54:25
Азыраак эле төрөгүлөчү айланайын. Орустар бирден эле төрөп өз жандарын багышат. Нормально бага албагандан кийин эмнеге төрөйсүңөр бытыратып, баланы да шордуу кылып...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан