"Кыргыз мамлекетинде орто билим алуу милдеттүү болуп санала турганына карабастан, азыркы учурда ар кандай себептерге байланыштуу 3 045 бала мектепке барбайт экен", - деп бүгүн, 10-мартта КСДП фракциясынын жыйынында депутат Асылбек Жээнбеков билдирди.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, айрым ата-энелер диний көз караш менен балдарын мектепке жиберишпейт. Алардын арасында чет өлкөгө кеткен эмгек мигранттарынын кароосуз калган балдары да бар. Азыр андай ата-энелер менен жергиликтүү бийлик органдары иш алып барып жатканы белгилүү болду.
Аталган фракцияда билим берүү тутумунун абалы, аны реформалоо боюнча Өкмөттүн иши жөнүндө маалыматы талкууланды.