9-мартта "Элдик кабар" рубрикасына Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун маданият үйүнүн ажатканасы тууралуу кабар жарыяланган. Бул ажаткананы бузуп, жаңысын куруу маселеси былтыркы жылы каралып, бирок каражат тартыш болгондуктан курулбай калганын аталган райондун акиминин милдетин аткаруучу Элчибек Жантаев бүгүн, 10-мартта SUPER.KG порталына билдирди.
"Ажаткананы куруу маселеси былтыр пландалып, өнүктүрүү фонду тарабынан 500 миң сом каралган, бирок долбоордун сметалык баасы гана 500 миңден ашып кеткен. Быйыл кайрадан бул маселени көтөрүп, ага бөлүнүүчү каражатты көбөйтүп жатабыз. Азыр эсептесек, 1 миллион 400 миң сом кетет экен. Быйыл буюрса, отурумдан өтсө, бюджеттен акча бөлүнсө салабыз.
Туура, ал ажаткананын полу түшүп кетчүдөй абалда, ошондуктан былтыр альтернативдүү вариант катары, жанына дагы эки ажаткана курганбыз", - деди Э.Жантаев.