Өкмөт өкүлү: "Памирлик кыргыздарды Нарын облусу кабыл алууга даяр"

9-мартта өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов "Памирдеги кыргыздарды Нарын облусу кабыл алууга даяр" деп билдирди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, кечээ, 9-мартта облус жетекчиси Аманбай Кайыпов Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев менен жолугушту. Жолугушууда А.Кайыпов памирлик кыргыздардын маселеси акимдер менен талкууланып, аларды колдоого алуу менен тийиштүү жардам берилерин айтты.

Миграция кызматынын билдирүүсүндө, бир канча жылдан бери памирлик кыргыздарга жылына экспедиция уюштурулуп, керектүү азык-түлүк, дары-дармектер жеткирилип келет. Өкмөттүн тапшырмасына ылайык, этникалык кыргыздардын жаш балдарынын ден соолугуна кам көрүү жана сабатсыздыгын жоюу боюнча иштиктүү аракеттерди көрүү максатында Ооган бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Макулдашуулардын негизинде памир кыргыздарды өлкөгө алып келүү пландалган. Алардын басымдуу бөлүгү 6 жаштан 30 жашка чейинки жашоочулар. Учурда документтерин тактоо иштери жүрүүдө.

"Памирлик кыргыздар деңиз деңгээлинен 4000 метр бийиктиктен жогору жакта жашагандыктан, алар адаптация алгыча республиканын тоолуу аймагы болгон Нарын облусуна алынып келинип, 2 ай аралыгында медициналык көзөмөлдө болот. Андан соң алардын жергиликтүү шарттарга көнүүсүн жана коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн экиден үй-бүлөнү облустун ар бир районуна жайгаштыруу боюнча дагы деталдуу сүйлөшүүлөр болот. Кыргызстанга келүүчү памирликтердин жаш өзгөчөлүктөрү ар башка болгону менен, сабатсыздыгы бирдей. Андыктан өкмөттүн атайын тапшырмасы боюнча Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын программа иштелип чыккан", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
Erlan_95
2017-03-10 17:03:56
Чуйдо деле жер кенен чуйго алып келишсин
+5
Akshumkar
2017-03-10 17:06:08
Чуйдун ыссыгына чыдабайт.
+4
mamatmusakuzuraziya
2017-03-10 17:19:29
Суйунуп кеттим чын. Алып келишсин байкуш Кыргыздар да алар деле. Авганда кор болгончо келишсин оз жерине оз элине кош колдоп тозуп алабыз.
+9
baltabai
2017-03-10 17:25:56
Kelse jakshy bolot ele
+3
Uson13
2017-03-10 18:19:07
Менин оюмча кыргызстандын баардык облусу кабыл алууга даяр ыссык болобу суук болобу алар жашап кете алат деп ойлойм
+4
Namystan
2017-03-10 19:21:23
Калп айтпасам Алайдан келгенбиз дегендей болушту эле, ошол эле тарыхий мекенине барса жакшы болмок.
+5
BekAmir
2017-03-10 20:36:12
Ошончо алып келгенине шугур.кайсы областка келишседа мейли,байкуштар адамдай жашашсын.Бирок Ошко алып келсе жакшы болмок,момо жемиш кенен
+5
ukmuw-ukmuw
2017-03-11 12:45:01
BekAmir,кой нарынга еле жиберсин кыргыз тилин жакшылап уйронушсун
0
travma
2017-03-10 23:21:04
Молодцы эн негизги маселе.
0
kanybek1986
2017-03-11 00:05:45
Кыргыз эли баары колдойт жакшы жанылык
0
Ajar812
2017-03-11 00:08:04
Кубанычтуу кабар экен суйунуп атам келишсе колдон келген жардамымды берем буйруса
0
Ajar812
2017-03-11 00:08:36
Ким алып келсе тарыхта калат ал адам
+3
etaj_rus79
2017-03-11 01:33:53
нарынга же алайга алып келиш керек адаптатция болгончо
0
surgeon777
2017-03-11 09:06:45
Чон Алайга алып келишсе туура болмок,климаты туура келет,тем более алардын тупку теги Алайдан болсо тууган-уруктарын таап алышса жакшы да...Негизи Кыргызстандын баардык жери бейиш,баардык областтан бизге келсин деген комменттери жакты,кыргызымдын меймандостугу очпосун...
0
terabait
2017-03-12 23:05:16
Алып келсе колдон келген жардамыбызды бергенге аракет кылабыз буйруса бул биздин адамдык милдеттибиз
0
aikera1992
2017-03-27 00:19:40
Аман эсен келишсе биз да жардамыбызды эч аябайбыз. Памирлик кыргыздар кош келиниздер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан