Тышкы иштер министри Э.Абдылдаев Кытай ТИМинин өкүлү Се Ханшэн менен Кытай төрагасынын Кыргызстанга келе турган сапарын сүйлөшүү боюнча жолугушту

2-майда Бишкекте Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытайдын Тышкы иштер министринин орун басары Се Ханшэн менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Анда тараптар Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган иш сапары жана ШКУга катышуусу тууралуу пикир алмашышты. Министр Се Ханшэнди Ош шаарында Кытай консулдугунун ачылышы менен куттуктады. Ошондой эле тараптар бул консулдук эки өлкөнүн экономикалык жана маданий байланышын өнүктүрүүгө салым кошоруна ишенишерин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан