СУПЕРСТАН: "Аялым мени менен чогуу баскандан уялат"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялым мени менен чогуу баскандан уялат" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы автордун билдирүүсү: "Бир бутум экинчи бутума караганда кыскараак, басканда бир жакка кыйшайып басам, ошонум үчүнбү, аялым мени менен көчөдө чогуу баскандан уялат же менден 20 кадам алдыда, же артта басат. Муну билдирбегеним менен, ыңгайсыздана берем. Бирок үйдө мага жасаган мамилеси жакшы эле".

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Ошондон уялып эмнеси бар, кайра сүйүнбөйбү, мисалы, мен эки жубай ээрчишип баратса суктанам".

"Аялыңыз менен сүйлөшүп жүрүп үйлөндүңүз беле же ала качып алгансызбы? Бири-бириңерди жактырып, сүйүшүп үйлөнсөңөр кемчилиги билинбейт эле го деп ойлойм".

"Балким, оюнда жаман нерсе жоктур. Кээ бир адамдар бар го чогуу басышты билбеген, маани бербеген, жөн гана сизге ошондой сезилип жаткан болсочу? Бул эми жакшы ой, эгер чын эле уялса, жаштык кылып жаткандыр. Оюңузду ачык айтып, сурап алыңыз".

"Автор, кыжаалат болбоңуз, менин жолдошум да жаңы баш кошкон кезибизде чогуу басчу эмес. Андай нерсеге капа болбоңуз".
"Менин атам деле өмүр бою алдыга чыгып басып кетип эле жүрөт. Артында бараткандар менен иши жок. Апам мунусуна көнүп калган 29 жылдан бери. "Болбойсуңбу кыбырабай" деп шаштырып коёт. Кайненем кайнатамды "алдыга чыгып кетип калат" деп айтып калат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
munarbek.kgz86
2017-03-12 21:37:06
Эрге тийгенден уялбаган чогу басыштан уялганы кандай тушунсо болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан