Каржы министрлиги: "Быйыл мугалимдердин эмгек акысы көтөрүлбөйт"

Быйыл өлкөнүн билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин эмгек акысы көбөйтүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Каржы министрлигинин өкүлү КСДП фракциясында билим берүү тутумунун абалы, аны реформалоо боюнча өкмөттүн иши жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди.

Маалымат боюнча, 2015-жылы мугалимдердин маянасы 50 пайызга, ал эми тарбиячылар менен техникалык кызматкерлердин маянасы 80 пайызга жогорулатылган.

2011-жылы Билим берүү жана илим министрлигинин бюджети 14 миллиард сом болсо, ал 2017-жылы 28 миллиард 31 миллион сомго жеткен. Бирок түздөн-түз билим берүү багытында анын 22 пайызы гана жумшалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан