Бишкекте 14-мартта кургак учуктун алдын алууга багытталган жыйын өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чараны Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаменти өткөрөт. Ага кургак учукка каршы шаардык ооруканалардын дарыгерлери, саламаттык боюнча коомдук комитеттердин мүчөлөрү, шаар тургундары катышат.
Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун чечими менен, жыл сайын 24-мартта белгиленип келет.