Ош шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 28 жаранга арабалар берилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Алардын 9у балдарга, 19у чоңдорго берилди. Ош шаарынын вице-мэри Дастан Ходжаев Ош шаардык мэриясы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга дайыма кам көрөрүн айтты. “Биз сиздердин жашооңуздарды жеңилдетүүгө ар дайым аракет кылабыз”,- деди ал.