Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин студенттери үчүн заманбап 2 кабаттуу китепкана пайдаланууга берилди. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди. Китепкана заманбап эмеректер менен жабдылып, жогорку ылдамдыктагы интернет байланышы, маалыматтык базасы абдан кеңири электрондук китепкана жана атайын медициналык китептер, электрондук китептер, аудио, видео жабдуулар менен камсыздалган. 1-кабатта 100 миңге жакын китепти сактаса болот, ал эми экинчи кабатында 110 орундуу бардык шарттары бар окуу залы жана 40 орундуу электрондук зал бар.