"Кумтөр" кениндеги металл аралашпаган бош кыртыштын жылышына байланыштуу атайын комиссия түзүлдү

2-майда “Кумтөр” кениндеги металл аралашпаган бош кыртыштын жылышына байланыштуу жагдай боюнча премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тиешелүү министрликтер менен ведомство жетекчилери жана “Кумтөр оперейтинг Компани” компаниясынын президенти Майкл Фишердин катышуусунда жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жыйында кен чыга турган жерде жер катмарынын жылышы божомолдонуп келгени, бирок апрель айынан баштап бул процесс тездик менен өнүгө баштаганы байкалганы белгиленди. Майкл Фишер кен чыга турган жердеги инфраструктураны, электр чубалгыларын жана көмөк чордондорду жылдыруу, долбоорду даярдоо жана катмарды альтернативалык аймакка жайгаштыруу боюнча маалыматтарды берди. Жыйында өкмөт башчы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Осмонбек Артыкбаев башында турган атайын комиссия түзүү чечимин кабыл алды. Ал комиссиянын курамына министрлик менен ведомство жетекчилери, көз карандысыз эксперттер жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү мүчө катары киргизилет. Аталган жумушчу комиссиясына 3-майда массалык маалымат каражаттарынын катышуусунда аталган аймак менен жеринде таанышуу, объективдүү маалыматтарды берүү тапшырмасы берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан