Талас. Корея дарыгерлери Талас элине бекер пластикалык операция жасашат

Талас облустук биргелешкен ооруканасына Кореядан атайын медициналык топ келет. Бул тууралуу аталган оорукананын дарылоо иштери боюнча жетекчисинин орун басары Рустам Байгараев билдирди. Маалыматка ылайык, 5-июндан 8-июнга чейин Кореядан косметологиялык, пластикалык операцияларды жасоо боюнча адистер келишип, каалоочуларга бекер операция жасашмакчы. "Максаты - көп сумманы талап кылган пластикалык жана косметологиялык операция жасатууга мүмкүнчүлүгү жетпеген жарандарга жардам берүү, ошондой эле тажрыйба алмашуу”,- деп кошумчалады Байгараев. Эскерте кетсек, 2012-жылы да аталган топ келип, бир нече операция жасашкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан