Депутат Эркингүл Иманкожоева Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү менен бирге “Давыдов” мөңгүсүнүн абалы менен таанышып, “Кумтөр” кенине барып келди. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Депутаттын пикиринде, аталган мөңгүнүн бош кыртышы менен кошо жылуу ылдамдыгы тездегени байкалууда. Ошондой эле мөңгүнүн жылышы суткасына 5 метрди түзүп, “Кумтөр” компаниясынын административдик имараты менен турак жайларына, анын ичинде көмөк чордону менен жогорку чыңалуудагы электр чубалгыларына коркунуч туудуруп жатканын айтты. “Кумтөр Оперейтинг Компанинин" вице-президенти Родни Ступариктин берген маалыматына караганда, административдик корпусту башка жерге көчүрүү иштери жүрүп жатат. Компания өкүлдөрүнүн бул маселеге кайдыгерлигинен улам административдик корпус менен турак жайларды көчүрүү иштерине эксперттердин эсептөөсүндө 70 миллион доллар жумшалат. Айлана-чөйрөгө да көптөгөн зыян келтирилүүдө”, - дейт эл өкүлү.