Нарында Жеңиш күнү ат оюндарынын коштоосунда белгиленет

Нарын шаарында 9-Май-Жеңиш күнүн белгилөө 2 бөлүктөн турары 2-май күнү өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Эмилбек Алымкуловдун өткөргөн жыйынында белгилүү болду. План боюнча салтанаттын 1-бөлүгү Нарын шаарынын Тянь-Шань сейил багындагы “Өчпөс отко” гүлчамбарларды коюу менен башталат. Андан соң Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине салт боюнча аскер боткосу берилет. Майрамдын 2-бөлүгү улуттук ат оюндары менен коштолмокчу. Жорго салыш, кунан чабыш, тай чабыш, эр эңиш, көк бөрү, аламан, салбуурун өңдүү ат оюндары “Кур-Терек” ат майданында өткөрүлөт. Болжолдуу эсеп менен оюндардын байге фонду 1 миллион сомдун тегерегин түзөт. Ал эми облустун ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков жеңүүчүлөрдүн бирине ыйгаруу үчүн өз каражатынан жеңил автоунаа койгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан