Темир Сариев Бириккен Араб Эмиратынын Экономика министри менен жолугушту

Экономика министри Темир Сариев 29-апрелден 2-майга чейин иш сапары менен Бириккен Араб Эмиратында болуп келди. Анын жүрүшүндө Т.Сариев аталган өлкөнүн Экономика министри Султан Аль Мансури менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анда Кыргызстандын министри кесиптешине өлкөдөгү экономикалык абал тууралуу жана  Араб Эмиратынан инвестиция тартууга кызыкдар экендигин айтып берди. Өз кезегинде Аль Мансури эки өлкөнүн товар айлануусу үчүн инвестиция тартуу кызыкчылыгын колдоду. Кыргызстан тараптан араб өкүлдөрүнө таанышуу үчүн бир канча инвестициялык долбоорлор сунушталды. Жолугушууда жалпысынан эки министрлик тыгыз кызматташуу менен иштешүү каалоосун билдиришти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан