Премьер-министр ШКУнун башкы катчысын кабыл алды

2-майда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Дмитрий Мезенцевди кабыл алды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуу учурунда тараптар 2013-жылы август айында Бишкекте өтүүчү ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынын өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшүн талкуулашты. Премьер-министр Кыргыз өкмөтү аталган контекстте ШКУнун өнүктүрүү банкын жана өнүктүрүү фондун түзүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. “Мындай финансылык институттардын ачылышы региондогу өлкөлөрдүн экономикасын көтөрүүгө жана теңдөөгө шарт түзмөк”,- деди ал. Д. Мезенцев өз кезегинде ШКУнун коопсуздук боюнча Кеңешинин катчыларынын ийгиликтүү болгон жолугушуусу  тууралуу маалымдап, жакында болуучу саммит бийик деңгээлде өтөрүнө, ошондой эле ШКУнун төрагасы катары кыргыз тарап уюмдун бардык календардык иш чараларында активдүүлүк көрсөтөрүнө ишеничин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан