2012-жылы Кыргызстан ичинде насыя берүү боюнча 3 чоң мекеме, 188 кредиттик бирикме жана 387 микрокредиттик компаниялар жана агенттиктер иш алып барган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирет. Маалым болгондой, алар тарабынан 528,7 миң кишиге насыя берилген. 2011-жылга салыштырмалуу насыя берүү 2,6 пайызга же 601,6 миллион сомго көбөйгөн.