Бүгүн, 3-майда саат Бишкектеги "Боордоштор" көрүстөнүндө Улуу Жеңиштин 68 жылдыгына арналган эскерүү митинги өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, Орусия, Украина, Беларусь, Казакстан жана Молдова өлкөлөрүнүн Кыргызстандагы элчилери катышышты. Согуштун ардагерлерине, тылдын эмгекчилерине, концлагер туткундарына материалдык жардамдарды көрсөтүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө аскер кызматкерлери майрамдык жүрүшү болуп, ардагерлерге гүлдөр берилип, көрүстөнгө гүлчамбарлар коюлду. Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун 248 катышуучусунун сөөгү аталган көрүстөнгө коюлган.