Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 3-майда КРнын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 20 жылдыгына карата бир катар депутаттарга, парламенттин аппарат кызматкерлерине, Кыргызстандын коомчулук өкүлдөрүнө өлкөдө парламентаризмди өнүктүрүүгө, мыйзамдарды өркүндөтүүгө кошкон зор салымы жана жигердүү коомдук-саясий ишмердүүлүгү үчүн ЖКнын Ардак грамотасын тапшырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Төрага өлкөдө парламентаризмди өнүктүрүүгө, мыйзамдарды өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн депутаттар Элмира Иманалиевага, Курманбек Осмоновго, Галина Скрипкинага, Бактыгул Маматовго Ардак грамота тапшырды. Көп жылдык эмгеги жана Кыргызстанда парламентаризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ЖКнын аппарат жетекчисинин орун басары Тажимамат Шаболотов, ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин ишин тейлөө бөлүмүнүн башчысы Манас Жолдошбеков да Ардак грамота менен сыйланды.