Бүгүн, 3-майда президент Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Дмитрий Мезенцевди кабыл алды. Мамлекет башчысы жаңыдан шайланган башкы катчы уюмдун алкагында экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча ШКУга мүчө мамлекеттеринин күч-аракеттерин бириктирерине ишенимин билдирди. Өз кезегинде Дмитрий Мезенцев Алмазбек Атамбаевди ушул жылдын күзүндө өтө турган Бишкек саммитине даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымдады. “Мүчө мамлекеттер, байкоочу өлкөлөр Бишкек саммитинин күн тартибине кызыгып жатышат. Мунун өзү уюмдун ишине башка мамлекеттердин кызыгуусун далилдеп турат. ШКУ кадыресе торолуп, кадыр-баркы көтөрүлүүдө”, - деди ал. Дмитрий Мезенцев ошону менен бирге БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун менен үстүбүздөгү жылдын март айындагы жолугушуусу тууралуу маалымдады.