Мамлекет башчы мекендештерибизди 5-май - Конституциянын күнү менен куттуктады

Бүгүн, 3-майда президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды 5-май – КРнын Конституциясынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Куттуктоодо 1993-жылдын  5-майында, Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынгандыгы, анын тагдыры ар бир кыргыз жаранынын тагдыры менен ажырагыс байланышта экендиги айтылат. Ошондой эле Кыргызстан туруктуулукка муктаж экендиги, бул максатка жетүү үчүн биринчи кезекте Конституция туруктуу болууга тийиштиги жазылат. “Кымбаттуу менин мекендештерим! Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөдөгү бакубаттыкты, ал эми Кыргызстаныбызга тынчтык жана туруктуулукту каалайм!”-деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан