“Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамындагы көрнөк-жарнактар тууралуу талаптар катаалдаштырылып, туура эмес жазылган жарнактын ээлери айып пул төлөй турган болду”,- дейт депутат Урмат Аманбаева “Парламент” радиосуна берген маегинде. Айтымында, "катардагы жөнөкөй жарандардын мамлекеттик тилди билбегени үчүн айып пул төлөйт" деген негизи жок. Болгону мамлекеттик жогорку кызматка келем деген инсандарга кыргыз тилин билүү талабы коюлат. “Сунушталган толуктоолордо президент, төрага, премьер-министр, Жогорку Соттун төрагасы, Конституциялык палатанын төрагасы кыргыз тилин билүүгө тийиш. Ошондой эле эми өкмөт мүчөлөрү мамлекеттик тил боюнча сынактан өтүүгө милдеттендирилүүдө”,- дейт эл өкүлү.