Төрага Асылбек Жээнбеков бүгүн, 3-майда Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Дмитрий Мезенцевди кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет. Төрага ШКУнун аброю эл аралык деңгээлде бекемделип жаткандыгына көңүл буруу менен, бул уюм өзүнүн алдына коюлган милдеттерди натыйжалуу чечип жаткандыгын баса белгиледи. Тараптар ШКУнун алкагындагы парламенттер аралык кызматташтык мамилелердин азыркы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышты. Д.Мезенцев кыргыз тараптын ШКУ аркылуу парламенттер аралык алакаларды арттыруу аракетине көңүл буруу менен, Жогорку Кеңеш тарабынан көтөрүлгөн демилгелерди келип түшүүсүнө жараша колдоого алына тургандыгын билдирди.