2012-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин айлыгы 948 миң 776 сомду, ал эми анын жубайы Раиса Атамбаеваныкы 367,2 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирет. Ошондой эле мамлекет башчысы өз декларациясына 93,3 чарчы метрдик үйү менен 64 гектардагы көп жылдык бак-дарактары бар экенин каттаган. Президент "Форум" ЖЧКсынын негиздөөчүсү экенин көрсөткөн, ал кийин ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген. Андан тышкары Алмазбек Атамбаевдин 2007-жылы чыгарылган Тойота Лэнд Крузер үлгүсүндөгү автоунаасы бар.
Президенттин жубайынын эки үйү жана бир гаражы бар. Ошондой эле "Медиафорум" ААКсынын 86,28 пайыздык акциясына ээлик кылат.