Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков 17-мартта Аксы окуясы болгон Боспиек айылына барышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Аксыда бүгүн 2002-жылдын 17-мартында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өтүүдө. Эскерүү иш-чаралары ошондой эле республика боюнча өткөрүлөт. 2012-жылы президент Алмазбек Атамбаев 17-мартты Аксы окуясын эскерүү күнү катары белгилөө жөнүндө жарлыкка кол койгон.
Эскерте кетсек, бүгүн Аксы окуясына 15 жыл толду. 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Боспиек айылында укук коргоо кызматкерлери тынчтык митингин өткөрүү үчүн райондун борборуна бара жаткан демонстранттарга ок атышкан. Окуя болгон күнү 6 адам каза таап, 80дей адам түрдүү жаракаттарды алышкан.