Бүгүн, 3-майда Баткен облустук сотунун жаңы шайланган курамы биринчи жыйынын өткөрүп, анда төрага менен анын орун басарлары шайланды. Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Баткен облустук сотунун төрагасы болуп Сооронбай Карабаев бекилди. Төрага жана анын орун басарлары 3 жылдык мөөнөткө шайланышты.