2-май күнү Баткен облустук драма театрында белгилүү драматург Чынара Калыбековага таандык “Өксүгү күчтүҮ өмүр” аттуу драмасынын бет ачары болуп өттү. Аталган драмада түбөлүктүү көйгөйлөр болгон махабат, ыйман, адамгерчилик, мерездиктин акыбеттери чагылдырылган. Драманы Кыргыз академиялык драма театрынын башкы режиссёру, КРнын Эл артисти Замирбек Сооронбаев койгон. Ачылыш аземине вице-премьер Тайырбек Сарпашов да катышты. Ал аталган спектакль боюнча: Бүгүнкү спектакль жакшы адамды абак да буза албагандыгын көрсөттү. Ал эми учурда эркиндикте жүрүп эле жаман жолго баргандар көбөйүүдө. Биз канчалык жакшылыкка умтулсак, ошончолук ага жакын болобуз,– деп билдирди.
Мындан сырткары бет ачарга Маданият жана туризм министринин орун басары Кожогелди Кулуев, өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Жеңиш Разаков, Баткен шаарынын мэри жана башка бир катар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү күбө болушту.