Икрамжан Илмиянов КСДП партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесинен чыгуу боюнча арыз жазганы айтылып жатат

Абдыманап Кутушев КСДП партиясынын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуу боюнча арыз жазды. Маалыматты 19-мартта SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов тастыктады.

"Ал эми Икрамжан Илмияновдун аталган партиянын депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгуу боюнча арыз жазганы айтылып жатат. Арызын өзүм көргөн жокмун. Түшкөн арыздарды 22-мартта карайбыз", - деди Бекматов.

Илмиянов менен Кутушевдин арызын БШК канааттандырса Жогорку Кеңешке депутат болуу кезеги тизме боюнча 52-саптагы Аида Касымалиевага келет.

Айта кетсек, 17-мартта КСДП фракциясынан Жогорку Кеңештеги депутат Узарбек Жылкыбаев Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан