4-майда республика боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +16...+21°C, түнкүсүн +7...+12°C
Талас облусунда күндүз +15...+20°C, түнкүсүн +4...+9°C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +17...+22°C, түнкүсүн +7...+12°C
Баткен облусунда күндүз +14...+19°C, түнкүсүн +3...+8°C
Ысык-Көл облусунда күндүз +13...+18°C, түнкүсүн +3...+8°C
Нарын облусунда күндүз +13...+18°C, түнкүсүн +2...+7°C
Бишкек шаарында күндүз +17...+19°C, түнкүсүн +9...+11°C
Борбор калаада түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн.