Базар-Коргон районунда мектептин чатырынан кулаган окуучунун бир көзү көрбөй, буту аксап калды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта SUPER.KG порталына окуучунун апасы Тиллекан Ибраимова билдирди.
"Баламдын бир көзү көрбөй, буту аксап үйдө жатат. Бейтапканадан чыгарып келдик. Ал азырынча мектепке бара турган абалда эмес. Дарыгерлер 3 айдан кийин дагы дарыланышы керек деп жатышат. Ошондой эле алар башынан алган жаракатынан улам талма оорусуна чалдыгып калышы мүмкүн экенин айтып жатышат. Ал эми акыйкат боюнча айтсам, мен чындыкты таба алган жокмун. Аргам түгөнүп, колумдан эч нерсе келбей калды. Карапайым адамбыз, үнүбүз эч жакка жетпей ыйлап кала бердик", - деди Ибраимова.
Маалым болгондой, 17-январда - Аза күтүү күнүндө 10-класстын окуучусу мектептин чатырындагы желекти алыш үчүн чыгып, кулап кеткен.
Эске салсак, бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жаракат алган окуучуга "анча оор эмес, жеңил жаракат алган" деген жыйынтык чыгарып беришкен. Мындан улам окуя боюнча кылмыш иши козголгон эмес.