Асылбек Жээнбеков өлкө элин 5-Май - Конституция күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды 5-Май - Конституция күнү менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөндөгүдөй: 

 

"Урматтуу мекендештер! 

 

Эгемен Кыргызстандын алгачкы Конституциясы кабыл алынганына 20 жыл толду. Жогорку Кеңештин жалпы депутаттарынын атынан Конституция күнү менен чын дилимден куттуктайм.

 

Баш мыйзамдын кабыл алынышы Кыргызстандын соңку тарыхындагы эң орчундуу, эң башкы окуялардын бири болуп калды десек эч жаңылбайбыз. Ал көз карандысыздыкка ээ болгон өлкөнүн өз алдынча кадам таштоосуна жол ачты. Бул иште парламенттин ролу эбегейсиз зор болгону баарыбызга маалым. 

 

Тилекке каршы, Конституция өткөн мезгил аралыгында 8 жолу оңдолуп, бүткүл мамлекеттик бийликти бир кишинин колуна өткөрүп берүү аракети жасалган. Алтургай президенттик кызмат ордун мурастоону көздөгөн аракет да болуп, ал аягына чыкпай калганын жакшы билесиздер. Бул биз үчүн чоң сабак болду. 

 

Ушу тапта эл ишениминен чыккан бийлик кулап, элдик бийлик орноду. Кыргызстандагы коомдук-саясий жагдай да кескин өзгөрө баштады. Эл парламенттик демократияны тандап алды. «Көч бара-бара түзөлөт» демекчи, буюрса, оңолуу жагына оодук, жаңылануу жолуна түштүк.

 

Бирок жыйырма жылдан бери коррупциянын сазына батып калган мамлекеттик бийликти, аны оңдоодон үмүтүн үзүп, ага көнүп бараткан коомду өзгөртүү оңой-олтоң иш эмес. Ал үчүн кыйла убакыт, чыдамкайлык, талбас аракет, ырааттуу чаралар талап кылынат. 

 

Азырынча элдик ыңкылап өз алдына койгон милдеттин өтөөсүнө толук чыга элек, күрөш улантылып жатат. Коомчулук арасы өтө саясатташып турат. Ошондон пайдаланып кырдаалды курчутуу менен өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөгөн көрүнөө да, көмүскө да, ички да, тышкы да күчтөр жок эмес. Аны баарыбыз көрүп турабыз. 

 

Ошентсе да коомубузда системдүү өзгөрүүлөр башталганын байкап жатасыздар. Мамлекеттик органдардан тартып, жергиликтүү бийликтерге чейин жаңыланууда. Коррупцияны жоюу, чечим кабыл алууда ачык-айкындыкты камсыз кылуу механизмин ишке киргиздик. Ал азыр алгачкы натыйжаларын бере баштады. 

 

Кыргызстан жаңы башкаруу таризин тандап алган соң Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кыйла кеңейди, анын жоопкерчилиги да ошончолук артты. Баарынан мурда элдик демилгеге таянуу менен иш алпарууга тийиш экендигине көзүбүз жетти. 

 

Мындай башкаруу таризине өтүп жатып, биз бир топ кыйынчылыктар болорун алдын ала болжогонбуз. Бирок абал биз күткөндөн да татаал болуп чыкты. Муну моюнга алышыбыз керек. Дагы да күтүлүп-күтүлбөгөн көптөгөн кыйынчылыктар турат. Ошого карабастан, кыргыз парламенти жаңы шартта, жаңы нукта ишенимдүү кадам таштады. 

 

Сынаакы кезеңде өлкөдө парламенттик демократия салттарын калыптандыруу миссиясы жүктөлгөн V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш заман талабы менен тең кадам таштоо озуйпасын аркалап келет. Көптөгөн ачуу сын-пикирлерге карабастан, кыргыз парламентинде алгылыктуу саамалыктар менен салттуу жөрөлгөлөр жаралып жатат. Аны көрмөксөнгө салуу жарабайт, аны андан ары тереңдетишибиз керек. Ал үчүн эл ишеними, жалпы коомчулуктун колдоосу зарыл.

 

Дагы бир ирет – Баш мыйзам күнү менен!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан