Президенттин ордуна "Ала-Тоо" аянтына Сапар Исаков келип, элди Нооруз майрамы менен куттуктады

Кыргыз Республикасынын президенттик Аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарындагы борбордук "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына арналган иш-чарага катышты. Ал салтанаттын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди.
Мамлекет башчынын куттуктоосу:
"Ата-бабаларыбыз илгертен эле жаздын келишин, чөптүн чыгышын, булак көзүнүн ачылышын жакшылыкка жорушкан. Ошондуктан Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын майрамы катары белгиленген. Бул күнү эл журттун, мал-жандын аман-эсен, тынч, кырсыктан тышкары болушун тилеп, Жаратканга сыйынышкан. Соко чегип, жер бетин алгач жолу тилишчү. Сүмөлөк кайнатып, ар бир үй-бүлө сый тамагын жасап, айыл-апасы менен чогуу майрамдашчу. Бабалардын ошол улуу салтын, жашоонун улуу көчүн, жаркын көчүн улоо менен, кыргыздар азыр да көпчүлүк чыгыш эли сыяктуу эле Ноорузду чоң салтанат менен белгилейт. “Ноорузду” биздин элибиз дайыма чоң үмүт, жакшы тилек менен тосуп, жаздын, эмгектин, чыныгы биримдиктин, тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары майрамдашат. Өлкө быйылкы Ноорузду жакшы жетишкендиктер, жаңы жөрөлгөлөр менен тосуп жатат. Элибиз улуттук жана руханий кайра жаралуу доорун сүрүүдө. Дүйнөлүк экономикалык жана финансылык каатчылыктын тескери таасирине карабастан, 2013-2016-жылдары Кыргыз мамлекетинин ички дүң продукциясынын өсүшү орточо 5,4 пайызды түзүп, КМШ өлкөлөрүнүн ичиндеги эң алдынкы орунга чыктык. Өлкөбүз энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. Кудайдын колдоосу менен, тилегибиз ишке ашсын, Нооруз, келе жаткан жылыбыз ырыс-кешиктүү болсун! Жаратканыбыз Кыргыз өлкөсүн колдосун, элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
Bolunbo.kyrgyz
2017-03-21 18:06:24
Исакову болобу кимиси болсо да Кыргызды элди ойлогондор болсо болду
+2
kenjebek_a
2017-03-21 18:15:55
Жакшы болуптур келбегени.Аныэле ким кутот.Дагы бир нерсе деп коет,дагы айтасынар дооруду,дабдыр деп.
+6
kenjebek_a
2017-03-21 18:18:58
А дагы Сапар Ким депсинер ал мураскер.Пример же спикер суйлосо деп айтыпсынар.Хопмайли менен тегирменчи жонэле солокот да.
+4
Riokyrgyz
2017-03-21 18:39:49
Аай ушул адамдар.силерге эч нерсе жакпайт да.жаны жана жаш кадр.Буга да бир нерсе ойлоп табасынар.силер б.кту билесинерби,Исаков канча иш жасап жатат,билбейсинер.реклама кылбайт башкалардай болуп.
-9
make2
2017-03-21 19:05:30
Бул бала президентке жарабайт, такшалыш керек,жалдырап ар кимдин көзүн карап мамлекетти баш аламан, бардагын чыгарат.
+6
arawan
2017-03-21 19:46:21
жаман реклама болду да ушу бала убара болбочу сурамжылоонун бештигине журушу тан калычтуу ашанын суйлобогону жакшы болуптур дагы бир нерсе деп балп этет эле аялым ооруп жатат деп неге айтат анын элге кызыгы барбы??буларды камандасы мн кетириш керек бийликтен
+8
kyzburak87
2017-03-21 19:46:38
Ушуну эптеп президент кылып алса анан аты эле президент болуп журо берет дагы атамбай сырттан башка рат , атамбайга ушуга окшогон жоош бироо керек да Кош дегенде Кош болуп
+7
kyzburak87
2017-03-21 19:51:02
Журо бере турган атамбай дын устунон Путинка башкарып кыскасын айтканда сыртынан караганда КР коз каранды сыз мамлекет да фактический коз каранды десек болот
+5
Stels
2017-03-21 20:33:41
Азыркы, президенттике коюуп аткандардын бири жыргатты беле ? Сынды да туура сындасанар.Башка жагын таппай калып,жооштугуна асыласынарбы? Азырынча тазараагы эле ушул жигит го,балким мыкты президент чыгат.
-9
Mers124
2017-03-21 21:30:31
Сапар Исаков премьер министр болот. С. Жээнбеков президентке коет. Жаңы конституция президенттик шайлоодон кийин толук күчүнө кирет. Ошондо премьер министр президенттен да күчтүү болуп калат. Супер.кж шефиңер Кылыч байке Сапардын кол алдында иштеп калгандан бери эле, Сапарды реклама кылчу болдуңар да.
+2
mirkaa5182
2017-03-21 22:58:46
Бул жагы президенттике даярдык болуп калды окшойт, өзүн көрсөтөм дейт ушу бала, бирок эл колдобойт.
+3
mentol
2017-03-22 00:14:25
Бул разминка да) эртен президент болгондо бираз оноюраак болот
+2
almazbei
2017-03-22 00:16:58
Бул балашка окуп эле берет окшойт, откондо аксыда да эптеп окуп берген бирдеме деп .
+2
nuke1988
2017-03-22 02:18:29
Аша окшогон президентин барынан жогу жакшы
0
barsbegKG
2017-03-22 07:45:05
Командасы менен кетип эле қалса жақшы болмоқ. Тажрыйба жоқ бул жиғитте. Айта берсең арман көп, қысқасы тойғузду.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан