Жергиликтүү бийлик менен Санитардык эпидемиялык станциясы биргеликте 3-майда кырсыкка учураган учак жана андан төгүлүп, Панфилов районунун Чолок-Арык айылындагы дарыяга куюлган күйүүчү майдан келтирилген чыгымды эсептөө иштерин жүргүзүүдө. Белгилүү болгондой, учурда издөө иштери улантылып жатат. АКШ тараптан да атайын өкүлдөр окуя болгон жерде кырсыктын себептерин иликтөөдө. Ал эми аталган айылдын тургундары мал суу ичкен дарыяга учактын майы төгүлгөндүктөн малдарын кайдан сугарарын билбей тынчсызданып жатышат.
Эскерте кетсек, 3-майда саат 14:55 чамасында "Манас" аэропортундагы АКШнын жүк ташуучу транзиттик борборуна караштуу учак асмандан жарылып, учактын бөлүктөрү Чүйдүн Панфилов районуна караштуу тоо кыркасына түшкөн.