ЭЛДИК КАБАР: "Аккула" ат майданын чоңойтпосо болбойт экен" дейт окурман

Кечээ, 21-мартта "Аккула" ат майданында улуттук оюндардын көрүүчүлөрүнүн саны көп болгондуктан орундуктар жетпей калганын бүгүн, 22-мартта окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Аккула" ат майданында чоң майрам өттү, баары жакшы, бирок орчундуу маселе бар: көрүүчүлөр үчүн стадионду чоңойтуу керек. Жогору жакта отургандарга кайрылуум бар, билет баасы 200 сом экен, билетиң жок кирүүгө мүмкүн эмес. Кирсең көргөнгө шарт жок, тыгылыш, ызы-чуу. Бул менин эле эмес, бүткүл кыргыз туугандардын суранычы болсо керек", - деген окурман.

Белгилей кетсек, бул маселе учурда социалдык тармактарда да талкууланууда.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Erlan_95
2017-03-22 09:50:11
Озу ыссык колго салгандан коро Бишкеке салыш керек эле ысык колдогу бош эле турат ипадром.9-майда кайрале ушул корунуш
-1
Bolunbo.kyrgyz
2017-03-22 09:53:00
Erlan_95,ооба чын
+5
jaka92
2017-03-22 10:15:58
Erlan_95,койгулачы эми колго козго корунуктуу бир ипподром салып коюшса,аны дагы Бишкеке дейсинер. Ал ипподром деле керек кол жака.
+3
bilbeim.dordoi
2017-03-22 10:34:59
Туура 7жылдын ичинде бир козго корунукту иш жасалбады, жок дегенде бишкеке ипподром жасап койсо болмок
+6
abusait
2017-03-22 11:24:51
Ар бир областка керек заманбап стадион. Дуйнолук ТВ ларда корсотуш керек. Ошондо туристтер
да коп болот. Бизде озунчо эле ла-лига болмок..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан