Асманда жарылган КС-135 учагынын "кара кутучасы" табыла элек
Кырсыкка учураган "Манас" аэропортундагы
АКШнын
жүк ташуучу транзиттик борборунун КС-135 учагынын "кара кутучасы" табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Учурда окуя боюнча аталган министрликтин жана Кара-Балта шаарынын куткаруу кызматынын 40тай өкүлү иш алпарууда. Мындан сырткары АКШ тараптын дагы өкүлдөрү издөө иштерин улантууда.